Оборачиваются назад, из за того что впереди ничего не видят

воскресенье, 21 марта 2010 г.

Кыргызстан коррупцияга батып кеткен бийликтин оккупациясы алдында


Кыргызстандагы абалга сырттагы оппозиция кандай сереп салууда?

Кыргыз оппозициясы элдик курултай өткөрүп өкмөткө бир катар курч талаптарын койду. Ал эми парламенттеги Ак-Жол фракциясы өкмөттүн ишин канаттандыраарлык деп тапты.

Оппозиция 17 мартта уюштурган элдик курултай натыйжалуу иш чара болдубу? - деген суроону Би-Би-Си Америка Кошмо Штаттарындагы кыргызстандык оппозициячыл өкүл Бакыт Бешимовко узатты:

Бакыт Бешимов: Оппозиция өзүнүн көз карашына ылайыктуу саясий жумушун жасап жатат. Албетте, бийликтин алдына өзүнүн талаптарын коюш керек - талаптар коюлду курултайда. Ал кандай талаптар, аткарылабы, жокпу - бул башка маселе.

Би-Би-Си: Оппозициячыл курултай койгон талаптардын айрымдары боюнча расмий бийликтин позициясы белгилүу эмеспи? Мисалы тарифтер боюнча премьер-министр өз позициясын даана билдирип арга жок, тарифтер төмөндөбөйт, деди.

Бакыт Бешимов: Жалпысынан, бардык талаптарга бийлик көңүл деле бурбайт жана аткарбайт. Башынан эле белгилүү болгон. Тарифтер тууралуу айтсак, азыркы бийлик өзү өткөрүп жаткан экономикалык саясатына жараша болуп жатат.

Эгерде тарифтерди жокко чыгарып же аны азайтса анда булардын менчиктештирүү жана энергетикалык саясаты толугу менен жокко чыгат. Андай жолго булар түшпөйт.

Азыр электро-энергия чыгаруучу тармак боюнча, Камбаратанын курулушу боюнча мына бүгүн дагы Назарбаев эл аралык экспертиза өткөрүлсүн деген Каримов экөө жарыя салды. Бул эмнени билдирет?

Кыргызстан азыркы учурда бийликтин өткөрүп жаткан саясатына байланыштуу кризистүү абалда турат. Бир жагынан сөз үстүндө айтылып жатат тигини жасайбыз, муну жасайбыз деп, ал эми иш жүзүндө азыркы бийлик андай маселелерди чече албайт. Приватташтыруу аркылуу байыйын деген гана адамдардын бийлиги. Ошондуктан эч кандай натыйжа чыкпайт.

Би-Би-Си: Мындан сырткары, MGN компаниясынын башчысы Гуревич боюнча чогуу тергөө жүргүзүү, генерал Исаков баш болгон саясий туткундарды бошотуу талаптары коюлду. Өкмөт бул багытта иштешүүгө барабы же бул талаптар тирешүүнү гана күчөтөбү?

Бакыт Бешимов: Бул бийлик менен мурдагы бийлик эгиздей эле, эч бир айырмасы жок. Масштабы боюнча гана айырмалуу. Бул бийликтин башында турган адамдар өткөн бийлик учурундагыдай эле толук бир үй-бүлөөгө иштейт. Бардык саясатын керт башынын кызыкчылыгына гана жумшайт.

Ошол эки бийликтин учурунда эл аралык шумпай, авантюрист адамдары болду. Мурдагы бийликте Бирштейн бар эле, азыркы бийликте Гуревичи бар. Мурдагы бийликте биринчи лединин фонду бар эле, азыркы бийликте болсо анын инисинин фонду. Айтоор, Кыргызстанда эч нерсе принципиалдуу өзгөргөн жок.

Жыйырма жылдын ичинде Кыргызстан жалпысынан коррупцияга батып кеткен бийликтин оккупациясы алдында жашап жатат. Ошондуктан Гуревич сыяктуу адамдар Кыргызстанды өзүнүн кызыкчылыгында пайдаланат. Себеп Гуревичтерде эмес!

Жакында премьер-министр айтпадыбы, Гуревичке эч кандай тиешебиз жок, деп. Мына Гуревич түзгөн MGN компаниясынын сайттарынан карап көргүлө. Булардын жасап жаткан иштерине көз салып көргүлө. Ал жерде көрүнүп турат, кыргыз өкмөтү ошол компаниянын шериктеши экени. Алтургай, бир топ кыргыз министрликтери азыркыга чейин ошол компаниянын шериктери. Иши токтогон жок.

Жалпы элди алдаган көз бойомочулук болуп жатат. Ошондуктан маселени дагы башкача коюш керек. Ушундай иштерге жол бербеш үчүн, жалпы элди чакырып күрөшкөнгө, жаңылануу процессин баштаганга прогрессивдүү улуттук элитабыз жок экен!

Би-Би-Си: Бул курултай талап гана койбостон, өзү да аткара турган максаттарды белгилеши керек беле?

Бакыт Бешимов: Албетте ишке аша турган нерселерди айтыш керек. Азыркы учурда бийлик менен оппозиция тирешүү абалында турат. Бул курчуй берет. Нааразы болгон эл сөзсүз оппозицияга кошулат. Ошондуктан Кыргызстанда өтө коркунучтуу абалга түшүп баратабыз. Себеби, эл жалпысынан бул бийликке каршы.

Бийлик болсо эч бир элди ойлобойт. Мындай абалдан чыгуу жолунда бизди кагылышуу күтүп турат деп ойлойм. Оппозиция аткара турган нерсени коёбу, койбойбу, бул чынын айтканда, эч кандай таасир этпейт, анткени бийлик оппозицияны укпайт, уккусу да келбейт.

Би-Би-Си: Азыркы учурда кыргызстандагы оппозиция социалдык экономикалык абалдан кыйналган элдин жарчысы болуп чыгууда. Ал эми чет өлкөгө чыгууга мажбур болгон кыргыз оппозициясы буларга кандай колдоо көрсөтө алат?

Бакыт Бешимов: Негизгиси, адамдар өзүнүн позициясын өзгөртпөсө да. Бакиевдин бийлиги эмне үчүн ушунчалык бекемделип элди кыйнап атат? Анткени беш жылдын ичинде канча саясатчы өздөрүнүн позициясын өзгөртүп, бийликке өтө коюп, аны колдой коюп, ушундай абалды жасады да.

Ошондуктан азыркы эл эч кимге ишенбей өз оокаты менен алек болуп жатат. Анткени канча жолу элди алдады эки тарап тең! Бийлик албетте эл жөнүндө ою деле жок. Саясатчылар позициясын өзгөртпөсө.

Кыргызстанда коррупцияга батып кеткен бийлик турса аны түз эле айтыш керек, бурмалоодон, дипломатия менен сылап-сыйпап мүнөздөмө бергенден эч нерсе өзгөрбөйт.

Бул бийликтни ичинде үй-бүлөөлүк клан түзүлүп алар башка ойдогу адамдарды куугунтуктап жатат. Жаңыланууну баштай турган элитабыз жок экен дегеним ошол да. Ар кандай коомдук палатага кошула коёт, бийлик уюштурган курултайга мүчө боло коёт, сунуш бере коёт.

Өздөру көрүп турат, кантип эле элге каршы курал-жарак менен чыккан адамдардан бир нерсени күтсө болот? Эгерде эл бул бийлик менен шериктешпей, колдобой койсо эле көп нерсе чечилет эле

Би-Би-Си: Сыртта турган оппозиция, өзүңүз сыяктуу адамдар, Кыргызстанга байкоо салуу, анализ жүргүзүү менен чектелесиздерби?

Бакыт Бешимов: Биздин иштерибиз эки бөлүктөн турат. Биринчиси, албетте маалымат таркатуу, өзүбүз жүргөн мамлекеттерде тиешелүү пикирди түзүү. Жылдын башында Freedom House деген авторитеттүү уюм Кыргызстан эркин эмес мамлекет, деп тааныды.

Human Rights Watch, башка да эл аралык уюмдар Кыргызстандагы адам укуктары бузулуп жатканын жарыя кылууда. Жакында эле АКШ мамлекеттик департаменти Кыргызстанда адам укуктары бузулуп жатканы, саясий кугунтуктоолор боюнча атайын маалыматын таратты. Албетте ушундай нерселерге таасир тийгизиш керек. Ушулар менен иштеп Кыргызстандын элине карата саясатты күчөтүш керек, өкмөт менен эле чектелбей.

Комментариев нет: