Оборачиваются назад, из за того что впереди ничего не видят

среда, 2 марта 2011 г.

Элдин каны төгүлүп жатканда, бийликтегилердин бир тобу байлык топтоду

"...саясий чөйрөнүн мүнөзү, пейил-ниети, аң-сезими өзгөргөн жок. Байлык-бийликтин кумарына ууланган, ыдыраган, жырткыч, чала сабатуу чөйрө боюнча эле турат. Ошондуктан, 7 апрелден кийинки – уурдаба, жалган суйлөп элди алдаба, туугандарыңды көтөрбө, деген үмүт ишке баары бир ашпайт. Эл арасындагы мындай каалоо – азыркы кыргыз коомчулугунун ички абалын жакшылап караганда ишке ашпас идея болуп жатат. Идея үчүн күрөшкөндөр бийликте аз. Кыргыздын саясий чөйрөсү эки партияга эле бөлүнөт: «Кыргызстан биз үчүн» дешкен олигархтар башкарган жырткычтардын партиясы жана «Биз Кыргызстан үчүн» дешкен идеалистердин партиясы Басымдуу көпчүлүгү мурдагы эле жырткычтар. Андан тышкары, булар бийликке келишкенде аябай көп кан төгүлдү – көп элди өтө нааразы кылды. Кыйылган өмүрлөр, төгүлгөн кан бийликтеги кылмышкерлерди жөн койбойт. Демек, азыр эки божомол жасаса болот. Биринчиси, кыргыз коомчулугу кыйналып, акыры өлкөнү туура жол менен алпара турган жаңы күчтү чыгарат. Экинчиси, эски күчтөр кетпей, жаш мамлекеттин белин сындырат". Калганын бул жерде...http://www.rnpk.kg/news/11022501.html

Комментариев нет: