Оборачиваются назад, из за того что впереди ничего не видят

пятница, 30 апреля 2010 г.

Кыргызстандан кат: "Мекенибиздеги азыркы кырдаал - уяты жок, колу туткак уурулардын кунун туудуруда"

Саламатсызбы Бакыт байке!!! Мен сиз аркылуу "ВП" га оюмду жеткизгим келет. Анткени мен сисзди кыргыздын патриот атуулу катары тааныймын.
Азыркы учурдагы биздин Кыргызстандын башаламандыктагы абалы мени тынчсыздандырбай койбойт. Анткени бул жерде мен эле эмес, менин бала чакам чоноюп, осуудо-алардын келечеги мени тынч уктатпайт. Мекенибиздеги азыркы кырдаал - уяты жок, колу туткак уурулардын кунун туудуруда. Жаштарыбызды тура эмес мактап-жактап алып, эми улууларды дагы козго илбей, опколору кооп ээн баштыгы эбегейсиз болуп, башыбызга чыга башташты. Билими бары деле, билимсиз жаштары деле оозуна келгенин оттоп туура эмес жолдорду башташып бийлик талашуу менен алек. Кыскасы крапайым элибиздин ичкени ирин, жегени желин болуп, уктаса уйкусу тынч эмес, баса-турса оюнун бары элибиз эмне болоор экен?-, деген тынчсыздануу менен кун откоруп калдык. Элибиз болунуп -жарылып жаман бир нерселерге туш болуп калбасак экен дегенде ак эткенден так этип жада калса иштеген ишибизге конулубуз чапай турган учурубуз.
Ок атылып, адамдарды чымчык аткандай терип аткан акылга сыйбаган жогорку жактын жасаган жоругу, жонокой кыргыз калкынын жашоого болгон коз крашын, ички дуйносун жаралады. Азыр ар бир кыргыз жэ ону экенин, жэ тушу экенин тушуно албай масс кишидей термелип турган убагы. Ыйлайын деп ыйлай албай кулойун деп куло албай ичине бук толуп, айласы жок айтканга акыл эсту адам таппай турган кыйын кезен башыбызда турат.
Тынч жаткан элди ар кандай угут иштери менен толкутуп, которулушко чыгарып баш аламандын баарын баштап, молтурогон жаш жигиттерибизди октун алдына тике караганга мажбур кылган биздин патриот, ары активист Аппозиция Лидерлерине ишеничибиз аябагандай чон эле. Бара-бара ушулар биздин олгон балдардын баркына жете алышабы деген ой бизди аркалоодо. Биздин алтын баштуу балдарыбыздын арты менен боштондука чыктынар эми ошолордун тамчы канына арзый тургандай иш жасагылачы деп суранаар элем++.
Бизге "Таза бийлик келсин"-, деген лозунг менен башка ок жебедик беле, эми минтип эмне учун деген суроо туулгандан тулуп бара жатат.
1. "ВП" - Эмнеге бийлике таза эмес адамдарды кайра ала баштады
2. "ВП" - Эмнеге чечкиндуу эмес ызы чууга эмнеге жол берип атат.
3. "ВП" - Оз ара келишпегендиктерин токтотуп бир жакадан баш бир женден кол чыгарышпайбы, бироосу "А" десе бироосу "Б" дебей.
__________________________________________________________________
Б.Б. Ушундай каттар акыркы жумада кобойюп баратат. Катаа кетирген, бирок таза иштеген бийликти эл тушунот. Алдаган, ыплас жолго тушуп алган бийликти эл эч качан колдобойт. Акаевка 15 жыл, Бакиевке 5 жыл эл чыдаса, азыр болсо жарым жыл бийликтин коррупциясына чыдабайт.

Комментариев нет: