Оборачиваются назад, из за того что впереди ничего не видят

среда, 23 сентября 2009 г.

Азаттык: суроолор

Салоом алейкум Бакыт мырза!

Сизге берилүүчү суроолор:

23-июлдагы президенттик шайлоодо түштөн кийин талапкер Алмаз Атамбаевдин маалымат жыйынын өткөрүп байкоочуларды чакыртып алышынын себеби эмнеде? Буга сиздин тиешеңиз барбы?

Б.Б. 23 июлда шайлоо деген нерсе таптакыр жоюлду. Бакиев бийликти экинчи жолу кучко салып басып алды. Узурпация болду. Мындан ары Кыргызстанда бийликти тынч жана конституциялык адилеттуу шайлоо аркалуу алмаштырыш мумкун болбой калды. Ушул отто маанилуу нерсени элдин копчулугу 23 июлда тушко чейин эле тушунду. Шайлоо аркалуу эл окмотту жана жалпы бийликти алмаштыра албаса эмне кылыш керек?

. Эл арасында Феликус Кулов баштаган 2007-жылы апрель митингисинде оппозициянын “колу- буту” сынса, 23-июлда прзиденттик шайлоодон СДПнын байкоочуларын чакыртып алышы оппозициянын “омурткасын” сындырып, элдин оппозицияга, келечекке ишенимин, акыркы үмүтүн жоготту деген пикирлер айтылууда. Буга сиздин баамыңыз кандай?

Б.Б. Оппозицияга жана келечекке ишенимин кетирген адамдар колун жайып отура берсин. Бул дуйнодо элдердин кобу коп жыл бою курошуп, татаал жолдорду басып отуп, кыйналып эркиндикке жана демократия жетишкен. А кыргыздын жолу башкача болот дейсинерби?

4. Президенттик шайлоого байланыштуу Балыкчыда айыпталып жаткан карапайым жарандарга карата соттук териштирүүгө жана депутат Кубанычбек Кадыровдун кол тийбестик макамынан ажыратылышына пикириңиз кандай?

Б.Б. Адилетсиз кадам.Кылмыш. Бул чечим менен ЖК озун озу жокко чыгарды. Мындай кадамды саясий озун озу олтуруу дейт.

5. Учурда КСДП менен Ата Мекен партиясынын биригүүсү боюнча аракеттер көрүлө баштады. Бул багыттан алганда Кыргызстанда күчтүү оппозициялык партия түзүлөбү же мындан деле майнап чыкпайбы? Деги эле Кыргызстанда оппозициянын келечеги барбы?

Б.Б. Оппозициянын келечеги элдин колунда. Мыкты саясатчылар асмандан тушпойт, эл арасынан чыгат.

6. “Кыргызстан өз алдынчалуулугун жоготту, тыштан башкарылып калды”,-деген пикириңизге негиз барбы?

Б.Б. Негиз жанынызда эле журот.Жакшы ойлонуп корунузчу – азыркы мамлекеттик чечимдердин копчулугу канчалык улуттук кызыкчылыкка туура келет? Элибиз ошол чечимдерден утуп жатабы? Улуттук кызыкчылык бул мамлекеттин бекемдиги, элдин жакшы жашоосу. Бакиев кимдин саясатын откоруп жатат? Эмне учун кыска моонотун ичинде бир маселе боюнча эки башка чечимдерди кабыл алып жатат? Жакынкы арада баардыгыбыз дагы башка тангалычтуу нерселерди коробуз. Элдин байлыгы кайда кетип жатат?

7. Кыргызстанда азыркы бийликтегилердин башкаруу монополиясы орноду, деген сын-пикирлерге сиздин көз карышыңыз?

Б.Б. Бакиевдин карангы бийлиги орнотулду. Улуттук тарыхта бул жылдар эн трагедиялуу жылдар болуп калат окшойт. Бакиев Кыргызстанды артка туртуп жардан кулатып жатат.

8. Кыргызстандын Батыш, Орусия, Борбор Азияга байланыштуу жүргүзүп жаткан тышкы саясатына кандай баа бересиз?

Б.Б. Бакиевдин тышкы саясаты барбы?

Алдын ала ыраазычылык билдирип Жапаров Аманбек Диленбай уулу

22.09.09


Комментариев нет: