Оборачиваются назад, из за того что впереди ничего не видят

четверг, 5 июля 2012 г.

Лондондун мэри Борис Жонсон ишинен үйүнө велосипедчен баратканын өз көзүм менен көрдүм!!!



Ibraim Nurakun Uulu


Бүгүн кызык бир нерсе көрдүм. Иштен чыгып, Трафалгар аянты көздөй басып келе жаткамын. Күн адаттан тыш ысык. Көчөдө эл көп. Анан машинелер менен жарышып, бети-башы тердеген тааныш бирөө эле велосипед тээп, күшүлдөп-бышылдап бет алдыман чыкса болобу. Буга чейин ал тууралуу гезиттерден эле окугамын. Бул жолу Лондондун мэри Борис Жонсон ишинен үйүнө велосипедчен баратканын өз көзүм менен көрдүм!!!

Лондондо бери дегенде 8 миллиондон ашуун киши жашайт, санакка кирбей калган кишилер туристтери менен бирге 4 миллиондой болот. Англиядагы лидерлердин жөнөкөйлүгүнө таң каласың. Жакында эле премьер-министр Дэвид Кэмерон кызын велосипедге учкаштырып алып, баратканын теледен көрүп, анча ишенген эмесмин, пиар го деп. Бүгүн ишендим. Ло…ндондо бери дегенде 8 миллиондон ашуун киши жашайт, санакка кирбей калган кишилер туристтери менен бирге 4 миллиондой болот. Англиядагы лидерлердин жөнөкөйлүгүнө таң каласың. Жакында эле премьер-министр Дэвид Кэмерон кызын велосипедге учкаштырып алып, баратканын теледен көрүп, анча ишенген эмесмин, пиар го деп. Бүгүн ишендим.

Анан биздин 5 миллион калкты башкарган чиновниктердин машинелеринин маркаларын, кичинекей борбор калаабызда 5-6 көчө болсо, жумушуна баратканда ошонун бирин жарым саат - бир сааттап тостуртуп алаарын, анан депутат, аким, мэрди кой айыл өкмөтүнө чейин элдин эсебинен сатып алынган унааларды тээп жүрүшкөнүн эстедим...

Мэр Борис Жонсон велосипед тээп бараткан көчөнүн боюндагы имараттардын эң арзаны 3 миллиард доллар турат. Анткени Оксфорд көчөсүндө дүйнөдөгү эң кымбат дүйкөндөр жайгашкан. Кыргызстандын соңку жыйырма жыл ичиндеги алган карыздары 3 миллиардга жетпейт. Анан Лондон мэри неге өзүнүн элинин акчасын бир эски Мерседестен аяйт? Неге кыргыз лидерлеринде ошондой аоё сезими жок?

Бүгүн ичим чындап күйдү. Дагы деле түтөп олтурам...

05.07.12

1 комментарий:

Bakhrom Mananov комментирует...
Этот комментарий был удален автором.