Бакыт Бешимов кыргыз саясий когортасындагы көрүнүктүү адамдардын бири. Элчилик милдет аткарып алыста жүргөн саясатчынын азыркы өлкөдөгү жандуу саясий процесске карта болгон көз караштары өтө кызыктуу. Бакыт Бешимов кыргыз саясатында өз көз карашын, бекем позициясын бийик тутунган, ал гана эмес, кайсы кызматта болбосун ошо кызматтан да өз абийрин жогору койгон, саясатка да таза, чынчыл мамиле жасаган чоң тамгадагы инсан. Мына ушул оюбузду окурман назарына сунуштап жаткан маегибиз дагы бир жолу ырастап турат. Кеп оролу Кыргызстандын Индиядагы элчиси, саясатчы Бакыт Бешимовдо.
- Дипломатиялык иштеги адамга, кээде «аквариумдагы жашоо» саясатты айрым кайнаган маселери тууралуу ачык ойлорун айтууга мүмкүнчүлүк бербейт. Кеп, ир алды өзүбүздүн өлкө проблемасына айланасында болуп жаткан сон, менимче, Сиздей элчи-саясатчынын көз карашы маанилүү. Деги эле четте жүргөн адамдын, өлкөнүн саясий турмушунан четте кармоо, албетте, эч кайсы рамкага жатпайт. Ошол себептүү алыста жүргөн саясатчы-элчинин бүгүнкү кырдаалга көз карашын билсек болобу? Алыстан туруп, өлкөнүн саясий турмушун жакындан караганда кандай ойлорго тушаласыз?
- Рахмат Султан. Биринчи иррете сизге өз ыраазычылыгымды билдиргим келет. Сиздей мекендешим менен маектешүү мен үчүн чоң байлык.Жөнөкөй эмес суроону бердиңиз. Бул суроонун үстү алды бар. Экөөнү тең ачып бергенге аракеттенем.
Мекенибизде эмне болуп жатканы жөнүндө толук эле кабардармын. Элчи катары биздин улутук кызыкчылыкты керектүү денгелде коргоп жана алдыга жылдырыш үчүн сөзсүз мен элим-жеримдин абалын терең билишим керек. Бул болсо элчинин ыйык, биринчи жана жогорку милдети. Элчини башка мамлекеттке Президент ишенимдүү кат менен жөнөтөт. Ал катта « мага кандай ишенсенер ушул адамга да ошондой ишенич көрсөткүлө, ал менин жана элдин атынан сүйлөгөнгө толук укугу бар» деп жазылат. Анан ушуну билип туруп кантип элчи өз элинин турмуш агымынан алыстап кетсин? Президенттин ишенимин майда иштерге жумшасын? Ошондуктан, элчилер Кыргызстандын ички маселелеринен алыстап калып, жакшы түшүнө албайт деген ой, элчилик жумушту туристик саякатка теңеген адамдардын гана башына келет.
Азыркы кырдаалдын улам курчуп баратканын көпчүлүк келе жаткан шайлоолор менен байланыштырып жатат. Ал туура го, бирок саясый сахнаны кыймылдаткан башка олуттуу түптүү себептер турат. Шайлоолор өтүп кеткенде дагы жаңылануу жөнүндө талаптар күчөй берет.Негизги талап – коом-өкмөттүн, айрыкча бийликтин түзүлүшүн прогресстин жолуна салуу, жөнөкөй эле жетекчилерди алмаштырууда эмес. Ким гарантия бере алат кийинки жетекчилер азыркылардан жакшы болуп калышына? Азыркы түрүндө бийлик өз тарыхый ролун аткарды. Жалпы система туура өзгөрө баштаса мыкты лидерди тандаганга да тиешелүү шарт түзүлөт. Ошондуктан үстүртөн ушул процессти түшүнүп, аны болсо жөнөкөй эле жетекчилерди алмашууга айлантсак, бир топ жылдар кыйналып, бирок баары бир акыры «тынчтык революция» жолуна кайтканга мажбур болобуз. Глобалдуу жана жергиликтүү агым-талаптар кошулуп Евразиянын жалпы саясый –экономикалык архитектурасын өзгөртүп жатат. Глобалдуу процесстер ай сайын(жыл эмес) мамлекеттердин бийликтерине татаал маселелерди коюп жатат. Биз даярбызбы ага? Грузия менен Украина бул башталышы эле, мунун артында өзгөрүүнүн килейген жаны толкуну турат. Бул обьективдүү процессти токтотуш мүмкүн эмес, аны өз пайдабызга бурсак акылдуу болот. Жөнөкөй сөз менен айтканда бир баракка мекенибиздин курч проблемаларын жазып, экинче баракка биздин кыймыл-аракеттерди көрсөтүп, андан кийин салыштырып көрсөңүз, бир жыйынтыка келгенге аргасыз болосуз. Коркунучтуу, чечилбей жаткан маселелер көбөйүп жатат, аракеттердин сапаты заманга жана талапка туура келбей жатат. Минустарыбыз өтө көбөйдү, плюстарыбыз аз. Мен бул көрүнүштү цифралар менен толук далилдей бере алам. Мисалы, биздин тышкы карызыбызды келерки беш жылда кандай башкарабыз? Экспортубуздун көпчүлүгүн кандайча даяр продукция менен камсыз кылабыз? Эгерде эффективдүү таза бийликти түзүп, жаңы экономикалык стратегияны таап, аны алдыга жылдырбасак өзүбүздү тарыхий «тупикке» такайбыз. Кыргыздын жаңы мамлекети эми кайсы өнүгүү жолу менен кетиш керек? Маселе ошондо. Үстүбүзгө түшкөн азаттыкты, кыргыз эңсеген эгемендүүлүктүү, биз айласыздыктан өз колубуз менен ким бирөөгө тапшырып өткөрүп бергенге көнүп баратабыз. Ойлоп көрчү, кыргыздар акыркы изилдөөлөрү боюнча мамлекетүүлүктү, эгемендүлүктүү 13- кылымда жоготкон. Ошондон бери биз 800 жыл көз каранды болдук. 200 муундун өмүрү азаттыкты күтүп өттү.Ата-бабаларыбыздын өмүрү бизден олуттуу тарыхый жоопкерчиликти талап кылып жатат. Жаңы улут, жаңы мамлекетти демократиянын фундаменттинде курганга күч аракетибизде аябай эле жатабыз. Ошондуктан,бизге, чыр-чатакты, той-тамашаны ким койду, белди бекем бууп, күнү-түнү иштешибиз зарыл. Азыр жалпы адамзаттын абалы оорлошуп баратат. Жаүы технология билим экономикасына кенен жол ачып, дүйнөлүк коомчулуктун портретин өзгөртүп жатат. Ошол эле учурда ишсиздик көбөйүп, мамлекеттердин ортосунда жырткычтык таймашуу жана рынокторду талашуу күчөп баратат. Терроризмге каршы күрөшүүнүн стратегиясынын түбүндө биз ойлоно турган терен маселелер жатат. Тез бекем бутка турушубуз зарыл. «Мынча бизди коркутуп жатасын» деген кенебестерге айтмакчымын. «Эгерде Орто Азияда кайсы бир жаңы мамлекет саясый картанын бетинен жок болуп кетсе, дүйнө аны байкабай деле калышы мүмкүн «деген ой бекеринен айтылган эмес Марта Брилл Олкоттун оозу менен. Мындай ойлор акыркы заманда көп учурай турган болуп калды.
- Кандай дейсиз бийлик адамды өзгөртөбү же адам бийликтиби?..
- Бийлик, байлык адамды өзгөртпөйт, ким экенин гана көрсөтөт. Шапак уулу Шералынын улуу насыятын мен бронза тамга менен Акүйдүн жана мамлекеттик администрациялардын имаратарындагы көрүнүктүү жерлерине жазып коюшун каалайт элем.
Туура бийде тууган жок,
Туугандуу бийде ыйман жок.
Бий болсоң, калыс бол,
Калыс болбосоң,
Бийликтен алыс бол.
Бийден калыстык кетсе,
Элден тынчтык кетет.
Саясий маска жөнүндөгү сурооңо да жооп береийн. Анткени принципиалдуу маселе. Эки олутуу маселени камтыйт. Биринчи бул абийир жана кадыр-барк жөнүндө. Экинчи – бийликтин түсү жөнүндө. Туура, мактоону жакшы көрбөгөндөр кемде кем учурайт. Өз пайдасын издеп, жетекчини эби жок мактоо бул оңой жол. Өз күчүнө терең ишенбеген, коркок, женил ойлуу, жүрүш-турушу тайкы гана жетекчилер кошоматчылыкка жол ачып берет. Мамлекеттик кызматты үй-бүлөнүн казанына аралаштырбаш керек. Болбосо бийликтин ичинде атмосфера толук бузулат. Жаңы мамлекет үчүн мындай нерсе коркунучтуу. Ээ, Султан, түз, эркекче баарлашууга не жетсин?!.. Өзүм жөнүндө айтсам, ректор, депутат болгон учурумда, жетекчилерди, Президенттен баштап, колуман келген сый урматы менен күтүп узатып жүргөнмүн. Кыргыздын уулу катары улуттук үрп-адатыбызды бийик тутуп, улууну улуудай, кичүүнү кичүүдөй урматаганга аракетенгенмин. Жакшылыкты түшүнүп баалап, меним тагдырыма жакшы көзү менен караган адамдарга ыраазычылыкты айткандан кайтпайм. Аскар Акаевга жылуу сөздөрдү айткандан тартынбайм, ал кишинин акылын, жашын сыйлайм. Бирок, Президентке обьективдүү гана маалыматты берип, мен түшүнгөн акыйкатты убагында салмактуу айтып эле жүрөм. Калганын өзү билет. Адамгерчиликти мен ошондой түшүнөм. Кырдаалдын талабына жараша, өзүм бекем кармаган принциптердин негизинде иш жүргүзгөнмүн. Татаал турмуш зирек мамилени талап кылат. Туурабы?
Күнөстүү жактын күкүктөрү болгон, азыр деле аз эмес, деле боло берет. Адамзат ошондой. Жамандар болбосо жакшыларды кантип таанып билип баалайт элек.Ким кандай саясый маска кийбесин, баары бир заман ким экенин аныктайт. Өзүн өтө митаам эсептеп, эпчил болуп кандайча элди алдабасын, баары бир бир күнү акыры өзүн өзү алдайт, бети ачылат. Бир гана ишеничтүү, бирок өтө татаал жол бар – чындыктын жолу. Ошондуктан, кадыр-баркты жогоруу койгон, абийрдүү адамдар элибиздин алтын өзөгүн түзөт.
- Саясатчы менен дипломаттын айрмасын эмнеде көрөсүз?
Саясатчы менен дипломаттын айырмасы чон. Дипломат оозунан эч бир сөз чыкпашы үчүн да эч болбосо үч жолу катуу ойлонушу абзел. Илгертен бери кыргыз жогоруу койгон элчилик миссия улуу патриоттук сезимди, салмактуулуктуу, тереңдикти жана чексиз чыдамкайлыкты талап кылат. Мен кыргыздын атынан Түштүк Азиянын 1,5 миллиард калкына элчимин. Өзүбүздү ирик алып жүргөнүбүз туура болот. Депутат болгонумда колуман келишинче өз шайлоочуларымдын койгоюн талашып, элимдин түптүү кызыкчылыктарына ачык –айкын эле күрөшкөнмүн. Кыргызстанда өнүгүп жаткан коррупция жөнүндө биз 1998- жылы маселени каттуу койгонбуз. Буга эл күбө. Ошондо азыркы «саясый козу ачыктардын« кээ бирөөлөрү коррупциянын башында турган адамдарга кызыл килем төшөп жатбады беле? Биз ошондойбуз өзүбүздүн керт башыбызга оорчулук түшкөндө гана көзүбүздү ача баштайбыз. Болбосо, Дооронбек Садырбаев айткандай жамбаштап жатабыз. Коркунучту, душманды босогону аттатпай токтотуш зарыл, болбосо төргө чыгып, бийлеп алат. Коррупциянын жетинчи кабатка чыгышы бир эле аны кыймылдаткан «тоголок баштарга» байланыштуу эмес. Биздин баардыгыбыздын саясый, инсандык сокурчулук ошого алып келди.
Саясатчы менимче активдүү, билимдүү жана ачык жүргөн инсан болуш керек. Сапаттар жонундо айтсак, мен, албетте биринчи орунга саясатчынын гумандуулугун коёт элет. Жинденген, ичи тар, ою кара адамдар элге жакшылык жасабайт. Туура, саясатчы көп учурда өзүнүн максатына жетиш үчүн, ар кандай ролдорду ойногонго мажбур болот, жана сиз айткандай, бир топ маскаларды да кийип турбаса, саясаттын жанып, ысытып турган отунан алыстап калат. Эгерде биздин саясый сахнаны кыргыз драма театры менен салыштырып көрсө, кийинкиси биякта эле калат. Кээ бир саясатчылардан мамлекет азыр зыян тартып жатат, бирок театрдын саясий сахнасы жоготууга учурап турат.
- Белгилуу орус режиссеру Станислав Говорухиндин «Минтип жашоого болбойт» деген кинотасмасы эсинизде чыгар. Сиздин оюнузча бул сөздү биздин кыртышка алып келсек кандай таасир тутумунда калаар элеңиз?
- Бул жүрөктөн чыккан сөз. Кыйналган боорукер жүрөктөн. Бул сөздү Россияга бир учурда коюлган диагноз катары кабыл алсак деле болот. Бирок, жүрөк менен саясатта маселелер чечилбейт жана чечилбеш керек. Ошондуктан жүрөгү менен ойлонгон саясатчылардан, коом, көп учурда пайдага караганда, зыян тартат. Наполеон бекеринен айткан эмес «мамлекеттик кызматкердин жүрөгү башында болуш керек» деп. Биздин коомубузда эки чон саясий-идеологиялык агым бар. Бири байлыкты, мүлктү, алдамчылыкты, өзүмчүлдүктү жогоруу коюп жалпы коомду өзүнө багынткысы келет. «Кыргызстан биз үчүн» деген жараанды тууларына жазып алган. Өткөөл заманда ар кандай жол менен тез байып алып ишеничтүү жүргүсү келет. Ушул сасык идеологиянын негизинде бизде «көлөкөлүү криминалдуу экономика» пайда болду. Ошондуктан мамлекетте паракорлук, бети жоктук, ачкөздүк күнүмдүк эле көрүнүш болуп калды. Ушул агым эл арасындагы кайдыгерликке да түрткү берди. Көздөрүн май басып, мүлк талашып, кутуруп, бири бирин атып жок кыла баштады. Коомго булар, көрүп турасыңар, бир жарыктык идеяны тартуулай албайт. Демек , эгерде ушул агым үстөмдүк кыла берсе, Кыргызстан тополоңдуу, тышкы күчтөргө көз каранды, байкуш, толук коррупциялашкан мамлекетке айланып калат. Африканын жарымы ошондой.
Экинчи агым – коомубуз адилеттүү жана таза болушун каалайт. «Биз Кыргызстаныбыз үчүн« деген улуу ойду көкүрөктөрүндө алып жүрөт. Билесиз го кыргыз адилеттүлүктүү өтө жогоруу баалайт. Бул агымдын колдоочулары руханий байлыкка көңүл буруп, изденүүнү колдоп, кыргыздын нукура түбөлүк байлыктарды сактап келе жатат. Пейил-ниети туура эл эч качан кыйынчылыкка же ким бирөөгө мүнкүрөбөйт. Абийри жок калк ашсыз калат. Демек минтип жашоого болбойт деген жыйынтыктан кийин «Кандай жашашыбыз керек?» деген суроого жооп тапканыбыз туура болот. Мен Кыргызстандын жаңы өсүү-өнүгүү стратегиясын жана ошол татаал маселени чечкенге дарамети бар көбүрөөк адамдарды көргүм келет.
- «Мин жыл быкшып жашагандан көрө, бир саамга чагылгандай жанып өткүм келет» деп акындар жазгандай, бүгүн ошол «чагылгандай жанган» ирмем келди сыягы. Он үч жыл саясый авансценада триумф да трагедия да ойнолду. Атактуу Бонапарт айткандай «Олуттуулуктан күлкүлүүгө бир кадам» дегендей...мына ушул эки сөздүн ортосундагы тилкеде турган учурубузда эмне кылуу керек? Сиз «Демократтарсыз демократия» деген аныктаманы кандай трактовка кылаар элеңиз?
- Султан, биз кыргыз мамлекеттинин бутка турушу жөнүндө, анын тагдыры жөнүндө сөз кылып жатабыз. «Чагылгандай жанып» кошо Ата-Мекенибизди өрттөп салбайлы. Кыргыз ушул күндөрдү канча күттү. КУТ конду кыргыз жерине. Ооматты куттуу гана инсандар баалап –билип сактай алат. Мамлекеттин тагдырына жеңил караган – кечиримсиз. Баардык маселени акылга таянып, жетти өлчөп, бир чечейли. «Жанып өткүм келет» дегенин, акынга жарашат, мамлекеттүүлүктү жогору койгон саясатчыга таптакыр туура келбейт. Пейил-ниетти оңдойлуу, биригели, ийри отуруп түз чечейли. Конкреттүү түрдө бул болсо бийлик менен оппозициянын ортосунда «кыргыз диалог» болгонун каалайм. Өткөөл заманда коалициялык өкмөттү түзүп, өзүбүз, тышкы күчтөргө тагдырыбызды чөгөлөтпөй, улуттун пайдасына чечейли. Саясатчыларды, элди экиге болгон таптакыр туура эмес. Оппозицияны душманга айлантып, элди алардын образы менен коркуткан бул жеңил ойлук. Эмне эски таарынычтарды четке кагып, жалпы элдин кызыкчылыгын өөдо коюп маселени туурасына чечип койгонго азыркы мисалы 100 саясатчынын дарамети жокбу? Парламентте мекенибизде болгон саясый күчтөр орун алсын, бийликтин алмашуусун маданиятуу жана сыймыктана турган деңгээлде өткөрөлү. Өзүбүз тазаланып алайлы. Кыргызстанга Акаев да Садырбаев да керек. Ошону түшүнөйлү. Эгемендүү мамлекеттин логикасы менен жашайлы. Эгерде айылдык чыр чатагыбыз мамлекеттик деңгээлде кожоюндук кылып күчөп кетсе, дуйнолук коомчулукка шерменде болобуз. Эми Наполеондун улуу созуно келсек...айтмакчымын, ааламда гармония бар экенине ишенем. Баардык нерсе чеги менен болгону туура, ошондо гана бакыт-таалай уялап, турмуш онолот. Кыргыздын коомуна журокту зыркыраткан жакырчылык да, кустурган чексиз арам байлык да жарашпайт. Элдин наалатына калып жеке турмушту трагедияга учураткандан Кудай сактасын. Ушул жонокой эле нерсени, кээ бир мансапкорлор тушунбой жатпайбы. Оздору тушунбосо аларга тушундуруш керек.
«Демократтарсыз демократия» жонундо менде мындай тушунук бар. Адамдардын бир туру идея, рух үчүн күрөшөт, өмүрүн ошого жумшайт, керек болсо өзүн аябайт. Дүйнөдө романтик-идеалистер болбосо адамзат азыр деле үңкүрдө жашайт эле. Ошол эле учурда адамдардын арасында көз карашы казандан алыс кетпегендер да көп учурайт. Сиз күбөө болдуңуз го коммунизмдин майтокочу жок болгондо алар шарт демократиянын ашына жыгылды. Булар ар кандай идеяны өз пайдасына гана иштеткенин жогору көрөт. Иши кылып паразиттер. Булар коммунизмди бузду-булгады, эми демократияга балит колдорун салды. Ушундайларды көрүп сиз «демократтарсыз демократия» деп ойлонуп калдыныз окшойт.
Султан, демократия өнүгүш үчүн биз демократиянын жолунан кайтпайлы. «Жолго чыккан жетет, жолдон чыккан калат» деген кыргыздын сөзү бар го. Биз курук сөзгө эмес, болгонго кубанайлы. Кагазга жазып алып, «демократияны орнотук» деп, кредит, грант бергендерге жагынайын деп жүргөнүбүз өзү уят, майдачылык. Андан көрө, чынында эле демократия биздин тагдырыбыз ХХ1 кылымда деп, эркиндик духту, сын-пикир көз карашты коомго кеңири таратайлы.
- Батыш саясый аналитиктери акыркы кезде Кыргызстанды «Демократиянын аралынан жарым демократиянын аралына айланды» деп баштады. Бул саясий трансформацияда канчалык чындыктын угуту бар деп ойлойсуз?
- Коррупция кожоюндук кылган мамлекетте демократиянын өнүгүп-өсүшү мүмкүн эмес. Бул коомдук закон. Кыргызстан, тилекке каршы, азыркы учурда эң коррупцияланышып кеткен мамлекеттердин арасында.
- Кыргызстан байыркы орус жомогундай айрылыш жолго келди, солго барса – «Украина синдрому», оңго барса Грузиянын «Роза революциясы, ортого жүрсө Борбор Азия түшпөс хандар сабагы»... Мына ушул айрылыш жолдо кай багытка барып такалышыбыз мүмкүн?
- Менин оюм башкача. Азыркы дүйнөдө элдин турмушунун сапатуулугу жагынан демократиялык мамлекеттер айырмаланат. Алардын экономикалары күчтүү, маданияты өнүккөн, адам укугу корголгон, коомдорунда бекем тартип орнотулган, граждандык эркиндиктер берилген. Ошол эле учурда авторитардык жана диктаторлор башкарган мамлекеттерде кедейчилик, коррупция жана баш аламан.Ошон үчүн азыркы «прогресс» деген түшүнүктү демократия, рынок экономикасы жана граждандык эркиндиктер менен байланыштырат. Дүйнөдөгү элдер баардыгы бир эле кенен жолдо турат. «Батыш демократия» же «Чыгыш демократия» деген болбогон сөздөр. Демократия же бар же жок. Эл бийликтин чыныгы булагы болот же алданып ким бирөөгө баш ийет. Прогрессти кааласак алдыга жылайлы. Бирок алды-артка жылууну косметикалык өзгөрүү менен чаташтырбайлы. Өзгөрүүнүн ар кандай сценарийлери болот. Мисалы « мураскер сценарийи» Орусия менен Азербайджанда коюлду. Бул сценарийде бир топ этаптар бар. Биринчи мураскерди тандоо. Экинчи эски лидердин кадрларынын аракети менен мураскердин тегерегинде күч топтоп, бүткүл бийликти толук контролго алуу. Үчүнчү этапта мураскер шайлоодон өткөндөн кийин эски кадрларды четтетип өзүнүн чөйрөсүн түзгөнгө аракет жасайт. Атасынан деле бийлик калса баласы өзгөчө саясат жүргүзгөнгө аргасыз болот. Саясат ошондой, же адам бийликти башкарат, же болбосо бийлик адамды башкарат. Оппозиция бийликтен жана саясый аренадан четтетилип күрөштүн ыкмалуу формаларына өткөнгө мажбур болот. Мындай сценарий иштеген мамлекетте тынчтык болбойт, акыры кризистин негизинде революция да чыгып кетиши мүмкүн. «Мураскер сценарийи «орун алган жерде кризистин курч формаларынан качуунун бир гана жолу бар. Элдин жашоо турмушу жылдан жылга оңолуп туруш керек. Ошон үчүн Дян Сяо Пин Кытайда ылдамдык менен экономикалык реформаны баштап элди ыраазы кылганга коммунистик партияны мажбурлады. А кээ бир өлкөлөрдө нефтинин баасы акыркы беш жыл жогору болгону үчүн элге акчаны жумшаганга шарттар түзүлдү. Бирок, ушул эле ситуацияда, адамдар руханий байлыкты курсакка теңебейт. Жер байлыгы кем, мүмкүнчүлүгү аз мамлекеттерде бийлик элге жакын болуш керек, бирге кыйынчылыкты бөлүп, көтөрүп.
Грузияда, жана Украинада болгон окуяларды «антикриминалдык революцияга окшогон төңкөрүш» сценарийи десек жаңылбайбыз.
Биринчи иретте кризистин чыгышына Шеверднадзе менен Кучманын коррупцияланышкан режимдери күнөөлү. Убагында алар абалды түшүнүп конструктивдүү диалогго оппозиция менен барганда өздөрү үчүн транзиттик этапты соодалашып алат эле. Төңкөрүштүн ордуна бийлик жумшак түрүндө бир колдон экинчи колго өтөт эле. Грузияда жана Украинада бийликке келген оппозиция эми элдин ишеничин актай алабы? Оппозиция бийликке келген саатан баштап тарыхтын ар бир минуту аларга каршы иштебештин бир гана жолу бар – туура элди башкарыш керек. Маселе ошондо. Биздин бийликтин жана оппозициянын ою – антикриминалдык, коррупцияга каршы революцияны Кыргызстанга да жайылтайлы деген туура. Анткени коррупция эгемендүлүгүбүздү жокко чыгарышы мүмкүн. Бирок, Президент Аскар Акаевдин төнкөрүштүн эртеңки күнү жана кесепетери жөнүндөгү ойлору да эске алынса акылдуу болот эле. Жөнөкөй эле мисал. 1990- жылы мен миндеген бийликке нааразы болгон жаштарга кошулуп, Акүйдүн тегерегинде көптөгөн мыкты кыргыз инсандардын жалындуу сөздөрүнө кулак салып кубатанып турганмын. Ошол митингдердин негизинде бийлик алмашты. Анан эмне болду? Ошондуктан президенттин күмөн санаганына көнүл буруп койсок, бул сөздө терең маани бар. Тарыхта аз эмес, учурайт, эл өз колу менен мыкачы диктаторго так куруп, ага отургузат.
- Бийлик жана эл. Экөө бүгүн карама –каршы полистеги күчкө айланды. Бийлик эл үчүнбү же эл бийлик үчүнбү? Азыркы саясий аренадагы кризистер мына ушул карама-каршылыктын «продуктусу» эмеспи?
- Султан, бир гносеологиялык маселе бар. Биз дайыма биринчи Эл деп, анан Эл жараткан бийлик деп айттып жүргөнгө үйрөнөлү. Эмне үчүн? Кыргыздар, кыпчактар, казактар жана башка Улуу Талаанын элдери бийликтин жана мамлекеттин түзүлүшүнө карата өзгөчө көз карашы менен айырмаланып турган. Бийликти Теңир берген Кут деп түшүнгөн. Ошондуктан кандардын ысымдарына «кут» деген сөздү кошуп жүргөн. Тенир, бийликти кандарга элди туура башкарыш үчүн берди деген түшүнүк болгон. Акылдуу кандар элдин жүрөгүндө орун алыш үчүн, күч-аракетин элден аяган эмес. Өздөрү бийик болгонго аракеттенген. Болбосо, «кандан кут кетти» деп, эл жыйынтык чыгарган эле күнү төңкөрүш кандын боз үйнүн босогосуна келип калчы эле. Эл жана бийлик, ата-эне менен баладай. Элди башкарам дегендер айтылган улуу ыйык байланышты эстеринен чыгарбаганы оң. Элди кордогон бийлик ата-энени кордогон келесоо бала сыяктуу.
Ойдон аксагандар сөзсүз турмушта туура эмес иштерди жасайт.
Эл менен бийликтин ортосундагы жаракка деген сөз жүрөккө, сезимге жылуу көрүнөт. Бирок турмуш, реалдуу турмуш башкача. Жалпы эл бийликке каршы деп айталбайм. Анткени бийлик өткөргөн реформалардан пайда көргөндөр аз эмес. Кыргыз бизнесмендер өсүп чыкты, канча фермерлер, коммерсанттар жаны турмуш-эмгектин үзүрүн көрдү. Канча адамдар өздөрү үчүн жаңы горизонтторду ачты. Бирок, бул чын, ошол эле учурда, бир топ чиновниктер уурунун жолу менен байыды. Криминалдуу топтор түзүлдү. Бийликте кээ бир топтор, айрыкча 1996-жылдан кийин,туура эмес балит идеяларга өздөрүн багынтты. Демократия учурунда бийликти кара күч (административдик ресурс) жана финансалык үстөмдүк менен кармайбыз деген ой, көп жетекчилердин башын айлантты. Тескерисинче, чындык башкача, кыргыз адилетсиз бийликке ийилет, бирок сынбайт. Тарыхты карасак, биз, кыргыздар, дайыма ар бир кыймылдын башында, тополоңдун борборунда жүргөн элбиз. Бекеринен Орто кылымдарда бизди «Моголистандын жолборстору» деп атаган эмес. А Кокон кандын заманындагы Аксы окуяларын алалы. Биз көп нерсеге чыдайбыз, бирок майдачылыкты, адилетсиздикти көпкө көтөрө албайбыз. Кыргызга лидер болгусу келген инсан ушул нерсени эске алыш керек. Болбосо адилеттуу кыргыздын тарыхый сотунун алдында туруп калат. Кыргызды көп жылдар бою башкаруу үчүн, ишенимдүү ойлорду сунуш кылып, чынчыл, салмактуу жана таза жүрүш керек. Оорчулукту эл менен тең көтөргөн бийлик карама-каршылыкты жаратпайт, оор абалга келбейт, кризиске учурабайт. Биз эл катары бир топ кылым манкурттук экспериментке алынып, өзүбүздүн руханий байлыгыбызды жоготуп койдук. Кайра жаралуу процесс азыр күчөп жатат, буюрса өзүбүзгө келебиз.
- Азыркы дүйнөлүк глобализация фонунда Кыргызстандын функциясын эмнеден көрөр элеңиз?
Борбордук Азияда прогресстин уюткусу жана борбору боло бергенибиз оң. Бизде: демократия, ыймандуу билимдүү эл, жана күчтүү экономика болгону зарыл.
- Ушул тапта Сиздин кесиптеш-элчилер өлкөнүн шайлоо укугунан ажыратылып калды. Сизди элчи-саясатчы катары бул маселе кандай ойго түртөт?
- Конституциянын 56 беренеси элчилерге жалпы дипломаттарга тиешеси жок. Анткени, алар өтө жооптуу мамлекеттик жумушту башка жерде-элде суверендүү Кыргызстандын территориясында аткарып жатат. Мамлекет сатып алган имараттар элчилик үчүн Кыргыз Республикасынын мүлкү катары эсептелет. Арендага алынган имараттар убактылуу Кыргыз Республикасынын территориясы катары эсептелинет. Кыргыз Республикасынын элчилигинин территориясында Кыргызстандын мыйзамдары иштейт. Ошондуктан элчиликтерде шайлоолор өткөрүлөт. Азыр эмне болуп жатат? Дипломаттар шайлаганга укугу бар, шайлоого талапкер катары катышканга укугу жок. Же алыскы жерде тажрыйба, билим, каражат издеген миндеген кыргыздарды талапкерликтен четтеткен туурабы? Эмне чет мамлекеттерде завод, фабрика куруп аны башкарган, университтерде атагы чыккан кыргыздар биздин бийликке жарабайбы? Мен бул нерседе эч бир логиканы таппай жатам. Ушундай чолок мыйзамдарды, саясый шарт-тоскоолдуктарды акылы кыска, ичи тар гана адамдар чыгарышы мүмкүн. Бул сунушту берердин алдында, оппозициядагы саясатчылар жана бийликтеги адамдар ойлонсо болот эле. Ким бирөөгө ор казам деп өздөрү эле эртең ага түшүп калышпасын. Экинчиден, эмне кээ бир замандаштарыбызды шайлоодон четтетиш үчүн улуттук кызыкчылыкты курмандыка чалышыбыз керекпи? Ошондуктан Конституциянын 56 беренеси жана Шайлоо Кодексинин кээ бир статьялары улуттук кызыкчылыгыбызды жана намысыбызды сакташ үчүн алып салынышы керек. Саясатка баш ийген мыйзам жакшылыкка алып барбайт. Элчилерди, жалпы дипломаттарды жана чет жакта жүргөн кыргыздарды кордогондун эч кажети жок эле.Ошондой эле Президенттик шайлоого катышканга чет мамлекетте жүргөн инсандарыбызга жол ачып берешибиз керек. Эмне чет жакта өзүн мыкты көрсөткөн кыргыздар бизге керек эмеспи? Прибалтар, чыгышевропалыктар президенттерин жана башка жогорку жетекчилерин четте жүргөн латыш, эстон, литовец, хорваттардан шайлап эле жатпайбы.
Дипломаттарды четтетүү саясый жагынан тайкы, руханий жагынан майда. Саясый атаандаштар менен адилеттүү күрөшкөн туура болот. Манас атабыз айкөл болгон. Ушуну юбилей, той-тамашада эле эстебей, дайыма кыргыздын ички дүйнөлүк байлык катары сактап жүрсөк жакшы болоор эле. Экс-элчилердин эч болбосо экөө-үчөө баары бир башын көрсөтүп, шайланбаса деле саясатка аралашат. «Мышыкты бурчка такасаң жолборс болот» дегенди билбейт окшойт ушул чечимди кабыл алган адамдар.
- Сиз өлкөдөн гана эмес, саясаттан да алыстап кеткен жоксузбу? Же бул менин жаңылыш суроомбу?
Эмне үчүн жаңылыш? Туура эле суроо. Өлкөдөн алыстаган жокмун. Алыста жүрүп жакын болсо болот, жакында жүрүп алыстап кетсе да болот. Чөлдө өсүп бийик болсо болот, тоодо чоңоюп, пас болсо да болот. Бул адамга байланыштуу. Мен ар бир беш жылда орун жумушумду алмаштырганга көнүп калганмын. Аны туура көрөм. Индияга элиме кызмат кылам деп, билим жана тажрыйба үчүн келгенмин. Индиядагы жылдар бекер өткөн жок. Активдүү саясаттан, туура эле, четтедим, азыркы жумушум, өзүм түшүнгөн маданият жана этика ага жол бербеди. Саясатка активдүү аралашуу эми башталат. Буга чейинки машыгуу сыяктуу эле болду. Азыркы шайлоолор менен эле иш бүтөт дегендер жаңылышат. Шайлоолор жаңы күчтүү процесстерди козгойт, эл катуу кыймылдай баштайт,турмушубуздун көп жактарынын өзгөрүшү ылдамдуурак болот. «Биз Кыргызстаныбыз үчүн» деген агымдын улуу туусу өдөлөй берсин.
Маектешкен Султан РАЕВ
Подписаться на:
Комментарии к сообщению (Atom)
Комментариев нет:
Отправить комментарий